
«Аэропорттор Кыргызстан» ААК тарабынан берилген маалыматка ылайык, Бишкекке Омандан 180 кыргызстандыкты алып келүүчү рейс күтүлүүдө. Учак эртең, 5-мартта, таңкы саат 08:00 чамасында конушу күтүлүүдө.
Ошондой эле компаниянын басма сөз кызматы учурда башка багыттар боюнча абал өзгөрүүсүз калууда экенин белгиледи. «Шарджа, Дубай, Кувейт жана Джиддадан рейстер токтотулду», - деп кошумчалашты аэропорттун өкүлдөрү.