
Бишкек – Ош автожолунун 81-километринде жүк ташуучу унаалар үчүн «Сосновка» посту убактылуу жабык. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Учурда посттун алдында болжол менен 120 транспорт каражаты топтолгон. Унаа айдоочулары үчүн бул жерде жылынуу пункту уюштурулган, ошондой эле 250 адамга эсептелген ысык тамак берилет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды узак сапарларды жасоодон качууга, эгер бул өтө зарыл болбосо, жана бардык коопсуздук чараларын сактоого чакырат.