
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, Кытайдын аймагында кыргыз-кытай чекесинин жакын жеринде жер титирөө болгон. Эпицентри Бедель айылынан 25 км түштүк-чыгышта жана Караколдон 135 км түштүк тарапта жайгашкан. Окуя 11-мартта 13:31де катталып, магнитудасы 3,5 баллды түзгөн.
Кыргызстандын тургундары арасында титирөөлөр сезилген жок.