
Кыргызстанда «Нуркидс» аттуу балдар үчүн жаңы онлайн платформа активдүү иштелип жатат. Приложенинин башкы редактору Айдай Бекбоева «Кабар» агенттиги менен маалымат бөлүштү.
Бекбоеванын айтымында, платформа ар түрдүү аудиторияга, анын ичинде балдарга, ата-энелерге, ошондой эле бала бакчаларга жана билим берүү мекемелерине багытталат.
«Колдонуучулар колдонмону жүктөп ала алышат, ал кадимки программадай иштейт. Контентти түзүү үчүн тажрыйбалуу аниматорлор жана иллюстраторлор тартылган. Платформа жеке колдонуучулар үчүн да, билим берүү мекемелери үчүн да жеткиликтүү болот. Ай сайынгы жазылуу 150 сомго түшөт», - деп белгиледи ал.

Балдар төмөнкү темаларды үйрөнө алышат:
- кыргыз тилинин алфавити;
- математика жана сандар боюнча негиздер;
- табият, жаныбарлар жана айлана-чөйрө тууралуу маалымат;
- логикалык ой жүгүртүү жана сүйлөө өнүгүүсү боюнча көндүмдөр;
- Кыргызстандын маданияты жана салттары.
- мультфильмдер;
- окутуучу видеолор;
- интерактивдүү сабактар;
- билим берүү программалары.