

«Бишкек Арена» стадионунун ичинде Bishkek Arena Mall деген заманбап соода борбору түзүлөт. Бул маалыматты Кыргызстандын президентинин иштер башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал стадионду куруу иштери активдүү жүрүп жатканын жана долбоордун аяктоого жакындап калганын белгиледи.
Bishkek Arena Mall үч кабаттан турган болуп, бизнесмендер жана сатып алуучулар үчүн бардык зарыл шарттарды сунуштайт. Соода аянтчаларын ишке киргизүү 1-апрелге пландалган.
Шаардыктар жана борборго келген коноктор жетиштүү авто токтотуучу жайлардан пайдалана алышат, ал эми инфраструктура заманбап стандарттарга жооп берет.
«Биз бардык кызыккан ишкерлерди азыртан даярдык көрүүгө чакырабыз. Телефон номерлери жана башка маалыматтар 1-апрелде жарыяланат», - деп кошумчалады Туманбаев.