
17-марттан 19-мартка чейин Бишкекте Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилишинде транспорттун кыймылы токтотулат. Бул жол жамоо иштерин жүргүзүү үчүн керек.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, белгиленген мезгилде аталган кесилиш толугу менен жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабында да өтүү жабык болот, ал эми чыгыш бөлүгү бир тараптуу режимде иштейт.