








Кыргызстандын борбору Бишкекте «Умут чырагы» аттуу жаңы бала бакчанын капсуласы салынды. Бул мекеме мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга багытталат. Иш-чара өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өтүп, ал курулуштун башталышы менен кубанычын билдирди.
Касымалиев өз сөзүндө бала бакча балдар жана алардын ата-энелери үчүн үмүт символу болорун белгиледи. «“Умут чырагы” деген ат өзү айтып турат — бул жер жарык жана камкордук булагы болот», — деп баса белгиледи.
Проект боюнча бала бакча 250 баланы кабыл алат жана заманбап шарттар менен жабдылган эки кабаттуу имаратта жайгашат.
Жаңы мекеменин жалпы аянты 3 570 квадрат метрди түзөт, ал эми жер тилкеси 93 сотка жерди ээлейт.
Курулуштун көлөмү 18 335 куб метрге жетет жана ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн толугу менен адаптацияланган болот.
Имараттын ичинде топтук бөлмөлөр, тамактануу залы, гимнастика залы жана музыкалык зал каралган.
Бала бакчанын курулушун Аrtwin компаниясы жүргүзөт, ал эми долбоордун жалпы баасы 4 миллион долларга жакын болот.