
Бишкекте, мэрдин орун басары Нургазы Курманбековдун жетекчилиги астында кышкы мезгилге байланыштуу штабдын жыйыны өттү.
Иш-чарага муниципалдык ишканалар, Кыргызгидромет, ошондой эле борбордун билим берүү департаменти жана Бишкек ПЭС ОАО «НЭСК» филиалынын өкүлдөрү катышты.
Жыйналыштын жыйынтыгы менен жылуулук сезону 2026-жылдын 25-мартында аяктай тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.