
Бишкек мэриясы социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында, Опера жана балет театрынын жанындагы скверде таштанды урналардын ордуна эски ведерлер жана тазиктер орнотулгандыгы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу кызматтык териштирүү баштады.
Шаардык бийликтин маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөргө карата чаралар көрүлүп, алар учурдагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.