
– Жыйналышка катышуучулар ЕЭКтин Кеңешинин 2020-жылы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө эл каттоого даярдык көрүү боюнча комиссиянын иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча чечим долбоорун колдошту, – деп билдиришти ЕЭКтин маалымат кызматы.
Ошондой эле маалымат кызматы эл каттоо планы статистика тармагында тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык жана методологиялык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо максатында түзүлөрүн маалымдады. «Бул учурда Евразия экономикалык комиссиясы катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн эл каттоо боюнча ишмердүүлүгүн алмаштырбайт: конкреттүү даталарды жана программаларды аныктоо менен улуттук каттоолорду өткөрүү боюнча чечимдер улуттук өкмөттөр тарабынан кабыл алынат».
– Өз кезегинде, эл каттоо документтери мамлекеттик статистика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилет, бул толугу менен каттоо боюнча улуттук мыйзамдарга жооп берет, – деп тактады ЕЭКтин маалымат кызматы.
Маалымат ИА:
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) – Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) туруктуу иштеп жаткан наднационалдык жөнгө салуучу органы. Комиссия Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Казахстан Республикасынын президенттеринин чечими менен түзүлгөн.