2020-жылы ЕАЭБ боюнча жалпы эл каттоо өткөрүлөт

2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпы эл каттоо өткөрүлөт
Евразия экономикалык комиссиясынын мүчөлөрү ЕЭКтин коллегиясынын жыйынынан кийин 2020-жылы Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө эл каттоо өткөрүлүшү мүмкүн деген бүтүмгө келишти.

– Жыйналышка катышуучулар ЕЭКтин Кеңешинин 2020-жылы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө эл каттоого даярдык көрүү боюнча комиссиянын иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча чечим долбоорун колдошту, – деп билдиришти ЕЭКтин маалымат кызматы.

Ошондой эле маалымат кызматы эл каттоо планы статистика тармагында тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык жана методологиялык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо максатында түзүлөрүн маалымдады. «Бул учурда Евразия экономикалык комиссиясы катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн эл каттоо боюнча ишмердүүлүгүн алмаштырбайт: конкреттүү даталарды жана программаларды аныктоо менен улуттук каттоолорду өткөрүү боюнча чечимдер улуттук өкмөттөр тарабынан кабыл алынат».

– Өз кезегинде, эл каттоо документтери мамлекеттик статистика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилет, бул толугу менен каттоо боюнча улуттук мыйзамдарга жооп берет, – деп тактады ЕЭКтин маалымат кызматы.

Маалымат ИА:

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) – Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) туруктуу иштеп жаткан наднационалдык жөнгө салуучу органы. Комиссия Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Казахстан Республикасынын президенттеринин чечими менен түзүлгөн.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent