2050-жылга карата Борбордук Азияда 96 миллион адам жашайт

2050-жылы Борбордук Азияда 96 миллион адам жашайт
2050-жылы Борбордук Азиянын тургундарынын саны 96 миллионго жетет. Бул 2015-жылга салыштырганда 30 миллионго көбөйөт. Бул тууралуу «ИА» Кыргызстандын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, калктын өсүшү Тажикстан жана Кыргызстанда өзгөчө байкалып, бул өлкөлөрдүн калкы 2050-жылы эки эсе көбөйөт. Калган Борбордук Азия республикаларында калктын өсүү темпи салыштырмалуу жай болот.

КР НСИИнин жетекчиси Талант Султановдун пикири боюнча, Кыргызстандагы калктын өсүү темптеринин жогорулашы өлкөдөгү экономикалык жана саясий туруктуулуктун көрсөткүчү. Эл аралык Population Reference Bureau уюмунун божомолдоруна ылайык, 2015-жылы кыргызстандыктардын саны 11,6 миллион адамды түзөт.

Учурда эң жогорку өсүү темптери Тажикстан жана Өзбекстанда байкалууда. 2050-жылы бул өлкөлөрдүн калкы өсүүнү улантат. Түркмөнстандын демографиялык көрсөткүчтөрү 2050-жылга чейин көп өзгөрбөйт.

– Казакстандын калкы 2050-жылы 24 млн. адамга жетет. Казакстандык эксперттердин пикири боюнча, калктын өсүшүнүн негизги факторы үй-бүлөлүк баалуулуктарды пропагандалоо саясаты болуп саналат. Мисалы, 2013-жылдан бери Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Казакстанда сентябрдын экинчи жекшембисинде «Үй-бүлө күнү» белгиленет. Идеологиялык иштерден тышкары, мамлекет жаш үй-бүлөлөргө материалдык стимулдарды да көрсөтөт, – деп белгилешет НСИИнин басма сөз кызматында.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent