Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жума» кампаниясы башталды

«Дүйнөлүк акча жума» («Global Money Week») – бул эл аралык масштабдагы жылдык кампания, ал «Child and Youth Finance» коомчулугу тарабынан 100дөн ашык өлкөлөрдө өткөрүлөт. «Акча жума» кампаниясынын негизги миссиясы – балдар жана жаштар үчүн финансылык интеграцияны, жеткиликтүү финансылык продукттарды жана финансылык билим берүүнү илгерилетүү. Кыргызстан бул кампанияга үчүнчү жыл катары менен катышууда. 2015-жылы «Акча жума» аркылуу 17 мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеменин күчтөрүн бириктирүүгө жана координациялоого жетишилди. Ошол учурда кампаниянын алкагында 160тан ашык иш-чара уюштурулуп, 6000ден ашык катышуучу болду.
– Биз балдарга жана жаштарга финансылык рыноктун кантип иштээрин, анын эмне экенин, жарандардын, анын ичинде ата-энелеринин кандайча катыша аларын, өздөрү кандайча катыша аларын көрсөтүүнү каалайбыз, – деди НБКРдин кардарларды коргоо жана финансылык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мирлан Майтпасов. Бул бардык аракеттердин бир гана, бирок абдан маанилүү максаты – жаш муундарга жыйноо маданиятын өнүктүрүү жана балдар менен жаштарга билим берүү, келечекте алар салмактуу финансылык чечимдерди кабыл алып, өз байлыктарын куруу үчүн. Акча жумасынын негизги милдеттеринин бири – биздин өлкөнүн жарандарга финансылык билимдин күнүмдүк жашоодо ар бир кыргызстандык үчүн чоң мааниге ээ экенин жеткирүү.
Мирлан Майтпасов ошондой эле Улуттук банктын демилгеси менен 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык билимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча «Программа» иштелип чыкканын белгиледи. Анын айтымында, бул программа «финансылык билимдүүлүктү жогорулатуу боюнча жетишүү мүмкүн болгон максаттарды жана милдеттерди коюп, мамлекеттин жана жарандардын финансылык туруктуулукту, экономикалык өсүүнү жана Кыргыз Республикасынын социалдык туруктуулугун камсыздоодогу кызыкчылыктарын жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүгө негизделген».