Кыргызстанда 2016-жылдын 1-январынан баштап үйлөрдү жана унааларды милдеттүү камсыздандыруу башталат

Премьер-министрдин айтымында, милдеттүү камсыздандыруу боюнча кабыл алынган мыйзам 1-январдан 2016-жылдан күчүнө кирет. Ошондуктан келерки жылдан баштап Кыргызстандагы бардык жарандар өз кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздандырууга милдеттүү болушат.
– Биз мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүп жатабыз. Ал 1-январдан 2016-жылдан баштап иштей баштайт. Бул мезгилден тартып үйлөрдү жана унааларды милдеттүү камсыздандыруу башталат. Келечекте, эгер табигый кырсык болуп калса, жабыркагандарга компенсацияны камсыздандыруу компаниясы төлөйт, өкмөт эмес. Бул дүйнө жүзүндө ушундай кабыл алынган, – деп түшүндүрдү Темир Сариев.
Ошондой эле кыргыз премьер-министр азыркы учурда республика өкмөтү жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга болгону 200 миң сом (2,6 миң доллар) төлөй алат деп кошумчалады. Бирок бул акча жетишсиз. Өз кезегинде камсыздандыруу компаниясы камсыздандырылган мүлккө жараша компенсация төлөй алат.