1-февралдан баштап Кыргызстанда жарандардын турак жайын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирет

- Бардык үйлөр милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. Эгер турак жай камсыздандырылбаса, бирок табигый кырсыктын натыйжасында жабыркаса же бузулса, мамлекет анын калыбына келтирүүгө каражат бербейт. Эгер турак жай айылда жайгашса, анда айына адам камсыздандыруу компаниясына 50 сом төлөйт, жылына 600 сом болот. Эгер бузулуу болсо, үйдүн ээси 500 миң сомдук камсыздандыруу алат, бул сумма анын турак жайын калыбына келтирүүгө жетиштүү болот, — деди Сариев.
Өкмөт башчы шаарларда турак жайдын баасы айылдарга караганда жогору экенин, ошондуктан камсыздандыруу компаниясына төлөмдөр да жогору болорун белгиледи.
- Бизде 50% дан ашык калк айыл жергесинде жашайт жана көпчүлүк учурда алардын үйлөрү табигый кырсыктарда бузулууга көбүрөөк дуушар болот. Учурда табигый кырсыктан жабыркаган, үйлөрү бузулган адамдар мамлекеттен 200 миң сомдук насыя алышат. Бул сумма алардын турак жайын калыбына келтирүүгө жетишсиз, андан тышкары, берилген каражатты белгилүү убакыттан кийин кайтаруу керек, насыя пайызсыз болсо да. Ошондуктан "Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды, — деп жыйынтыктады Премьер-министр.