Аликбек Джекшенкулов: «Сбиткен орус учагы боюнча кырдаалда Кыргызстан РФ менен бирге болушу керек»

Юля Саясий жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Аликбек Джекшенкулов: «Сбиткен орус учагы боюнча кырдаалда Кыргызстан РФ менен бирге болушу керек»
Россия менен Су-24 учагынын түшүрүлүшү боюнча бирдиктүү позицияда болуу менен, Кыргызстан Түркия менен болгон достук мамилелерин жоготушу мүмкүн. Бул тууралууИА мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Джекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жетекчилиги азыркы учурда кыйын кырдаалда турат. Бир жагынан, Кыргызстан – Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү, ОДКБнын мүчөсү, Россиянын стратегиялык союздашы. Өз кезегинде РФ республикага өтө маанилүү экономикалык жана аскердик жардам көрсөтүүдө. Экинчи жагынан, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын башчысы Эрдоган менен жакшы мамиледе экендиги белгилүү.

– Албетте, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда экономикалык жана саясий кызматташтык активдүү өнүгүп жатат. Бул өлкөлөрдүн президенттери жылуу достук мамиледе. Су-24 учагынын түшүрүлүшү Кыргызстанды кыйын кырдаалга салууда, бирок биз ар кандай жагдайда ачык жана туруктуу эл аралык саясатты жүргүзүшүбүз керек, – деди мурдагы КРнын тышкы иштер министри. – Дүйнөлүк коомчулук Су-24 учагынын Сириянын аймагына кулаганын жакшы билет. Ошондой эле, Россиянын аскерлери Сирияда кандай миссияны аткарып жатканын баары билишет. Ошондуктан кыргыз өкмөтүнүн позициясы ачык болуп, Россиянын позициясына ылайык болушу керек.

Эскерте кетсек, Россия Сириядагы атайын операция башталгандан бери биринчи жоготууларды башынан өткөрдү. 24-ноябрда Россиянын авиациялык тобунун Су-24 учагы Сириянын аймагында, Түркиянын чегинен төрт чакырым алыстыкта кулады. Өз кезегинде, Түркиянын Генштабы өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учакка сокку урулганын билдирди.

Казакстандык эксперт жана коомдук ишмер Казбек Бейсебаев белгилегендей, «болгон окуя Сирия конфликтине катышкан өлкөлөрдүн карталарын буруп жиберди. Бирок азыр Россия менен Түркия үчүн кесепеттеринин мааниси, ошондой эле булардын дүйнөлүк баланска кандай таасир этери кыйла маанилүү».
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Озоданын жеке концерти

Озоданын жеке концерти

Кыргызстанга биринчи сольный концерти менен узбек эстрадасынын жылдызы Озода келет! Сөзсүз биринчи...

Ачылова Рахат (1941)

Ачылова Рахат (1941)

Ачылова Рахат (1941), философия боюнча доктор (1988), профессор (1989) Кыргызстанда. Баткен...

Комментарий жазуу: