Кыргызстандын мектептери тууралуу маалымат жалпыга жеткиликтүү болот

- Неформалдуу төлөмдөр - мектептердеги акча чогултуулар боюнча талкуулар учурунда ата-энелер мектеп тууралуу маалыматтын жабык экенине, анын ичинде бюджеттик каржылоонун маалыматтарына нааразы болушту: «Биз министрлик канча акча бөлөөрүн, бул мектепте компьютерлер жетиштүүбү, мугалимдердин саны канча экенин билбейбиз?! Директорго жетиш кыйын...». Ата-энелер туура, маалымат ачык болушу керек. Өткөн айларда биз мектептердин инвентаризациясын жүргүздүк, ар бир мектептин азыр 10 сандык номери бар; мектептер онлайн картага негизги маалымат менен жайгаштырылды. 2015-жылы сатып алынган компьютерлер биринчи жолу чындап жетишпеген мектептер арасында бөлүштүрүлдү, - деди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. – Кийинчерээк мектептер боюнча маалыматты курулуш жана капиталдык ремонт боюнча толуктап, андан соң ар бир мектеп үчүн мамлекеттик каржылоонун көлөмү боюнча маалыматты кошобуз. Биздин маалыматтар канчалык ачык болсо, ата-энелер мектепти ошончолук объективдүү баалай алышат.
Учурда система тесттик режимде иштеп жатат, картага дайыма өзгөртүүлөр киргизилип жатат. 2016-жылдын аягына чейин ал мамлекеттик мектептерден тышкары дагы башка мекемелерди камтышы күтүлүүдө. Картада балдар бакчалары, жогорку окуу жайлары, республикадагы жеке мектептер пайда болот.