Темир Сариев: «Илим тармагындагы абал жалпы алганда, аны жандандыруу үчүн шашылыш чараларды кабыл алууну талап кылат»

Темир Сариев: «Илим тармагындагы абал жалпы алганда, аны жандандыруу үчүн шашылыш чараларды кабыл алууну талап кылат»
Кыргызстандагы илим тармагындагы абал жалпы алганда анын кайра жандандырылышы үчүн шашылыш чараларды кабыл алууну талап кылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Премьер-министри Темир Сариев илим боюнча Кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Кабинеттин башчысы кыргыз илиминин жетишкендиктери жана келечеги өлкөдөгү инновациялык өсүүнү камсыз кылуу жөндөмүнө, ошондой эле өндүрүш жана кесиптик билим берүү менен интеграциясына түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Бул реалдуулукка айлануусу үчүн, Сариев түшүндүргөндөй, глобалдык илимий реформа жүргүзүү зарыл.

– Илимин жетишкендиктери атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек, ал эми изилдөөлөрдүн натыйжалары талапка ылайык болушу шарт. Илиминин өнүгүшүн токтотуп жаткан негизги проблемалардын арасында илимпоздор бул максаттарга бөлүнгөн ИДПнын абдан төмөнкү үлүшүн белгилешет. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө илимге бөлүнгөн ИДПнын үлүшү маанилүү: Израиль – 4,8 пайыз, Япония, Швеция – үч пайыздан жогору. Дүйнө жүзүндө илимге болгон чыгымдар орточо 1,74 пайызды түзөт. Бирок дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илимий изилдөөлөрдү жеке компаниялар дагы каржылайт, – деди премьер.

Темир Сариев кыргыз илимине болгон токтоп калууну мүмкүн болушунча тез арада жоюу керектигин билдирди. Бул үчүн мамлекет менен илимий уюмдардын ортосундагы мамилелерди принципиалдуу түрдө өзгөртүү зарыл.

– Илимий кызматкерлер конкреттүү тапшырмага ээ болушу керек жана мамлекетке керектүү натыйжага жетишүү үчүн иштеши керек. Илимде мамлекеттик заказ системасын кайра жандандыруу зарыл. Экинчиден, биринчи кезекте өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн приоритеттүү болгон тармактарды гана каржылоого көңүл буруу керек. Бул өлкөгө абдан зарыл болгон изилдөөлөрдү чечүүгө финансылык жана уюштуруу ресурстарын топтоого мүмкүндүк берет. Үчүнчүдөн, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү. Бул илим тармагында прорыв жасоого мүмкүндүк берет. Бирок жергиликтүү бизнес инновацияларды колдойт, эгер алар ушул бизнеске пайда алып келсе, – деп өз оюн билдирди Сариев.

Ошондой эле кыргыз премьер-министри кыргыз илимине приоритеттерди тандоо жана негиздөө менен илим жана инновациялар боюнча Кеңеш алектениши керектигин кошумчалады. Бул ведомстволук жана корпоративдик лоббизмди, ошондой эле алдын ала ойлонуп коюу жана субъективдүү мамилени жоюуга мүмкүнчүлүк берет.

– Приоритеттер кандай болушу керектигин так аныктоо зарыл. Кыргызстандык илимпоздор приоритеттерди энергетикалык, маалыматтык технологиялар, рационалдуу табигый ресурстарды пайдалануу жана айыл чарба, адамдын жашоо сапаты сыяктуу тармактарды аныктоо сунушун беришет. Өкмөт бар болгон илимий, финансылык жана башка ресурстарды ушул тармактарга топтоону көздөп жатат, – деп жыйынтыктады Темир Сариев.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent