
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги 2023-жылдын 2-3-октябрында Ысык-Көл көлүнүн жээгинде «Кен казуу тармагындагы кызыкдар тараптар ортосундагы кызматташтыкты куруу жана конфликттерди азайтуу» темасында эки күндүк улуттук конференция өткөрөт.
Конференциянын негизги максаты — конфликттерди алдын алуу жана мамлекеттик структуралар, кен казуу компаниялары жана жергиликтүү коомчулуктар ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Жыйын «Ачык жергиликтүү башкаруу жана кызматташтык боюнча инициатива» программасынын алкагында өтөт, ал Евразия борбордук Азия фонду (ЕЦАФ) тарабынан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев, АПКР өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин депутаттары, 6 облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, кен казуу компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.