
Бүгүн, 22-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Джоомарт Оторбаев чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын Почеттүү консулдары менен жолугушуу өткөрдү.
Почеттүү консулдарды кабыл алууда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргызстандын суверенитет жылдарында ички жана тышкы саясатта түпкү өзгөрүүлөргө жетишкенин, негизги принциптерди иштеп чыкканын жана мамлекеттин тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарын аныктаганын белгиледи. Бул чөйрөдөгү маанилүү компонент - коомдун көбүрөөк ачык болушуна өтүү.
«Биз чет өлкөдөгү Кыргызстандын Почеттүү консулдар институтун Кыргызстандын дүйнөдөгү имиджин популяризациялоонун маанилүү каналдарынын бири катары карайбыз. Биз биргеликте республиканын улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада илгерилетүү жана демократиялык жана рыноктук реформаларды ишке ашыруу үчүн эң жакшы шарттарды камсыз кылышыбыз керек», — деди Джоомарт Оторбаев.
Жолугушуу учурунда, өкмөт башчысы Почеттүү консулдардын көңүлүн инвестицияларды тартууга, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү орнотууга жана өнүктүрүүгө активдүү жардам берүүгө бурду.
«Учурдагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин ортосунда жогорку деңгээлге чыгышы керек. Бүгүн Кыргызстандын инвестиция, жаңы билимдер жана мыкты дүйнөлүк практикалар күтүп жатат. Почеттүү консулдардын көңүл борборунда, шексиз, биздин жарандарбыздын жана компанияларыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери да болушу керек», — деп баса белгиледи Джоомарт Оторбаев.
Жолугушуу учурунда Кыргызстандын оң имиджин, анын туристтик тартымдылыгын жайылтууга, жакын жана алыс чет өлкөлөрдөгү жарандарды Кыргызстандын саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрү тууралуу маалымдоого атайын көңүл бөлүндү.
«Кыргызстан мындан ары да чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын Почеттүү консулдары менен пландуу иш алып барат, бул өкмөттүн консулдардын жайгашкан мамлекеттеринде натыйжалуу иш алып баруусуна мүмкүндүк берет»,- деп жыйынтыктады өкмөт башчы.
Жолугушууга Казакстан, Корея Республикасы, Нидерланд, Россия, Түркия, Япониядан Почеттүү консулдар катышты.
Маалымат үчүн:
Кыргызстан дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекеттери менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Алардын көбү менен жогорку деңгээлдеги активдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык орнотулду, эки тараптуу форматта жана регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында. Кыргызстан чет өлкөдө 25 элчилик жана туруктуу өкүлчүлүктөрдү, 5 Генералдык консулдукту ачты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты