Мектеп мугалимдеринин айлыгы жогорулатылат

Юля Билим берүү жаңылыктары
VK X OK WhatsApp Telegram
Мектеп мугалимдеринин айлыгы жогорулатылат
2-июнда мектеп мугалимдеринин айлыгын жогорулатуу боюнча чечим бекитилди, деп маалымдады КРнын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. Анын айтымында, чечим бүгүн КРнын өкмөтүнүн кезексиз жыйынында бекитилген. 2,2 млрд. сом бөлүү мектеп билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана ПТУдагы мектеп компонентинин окутуучуларынын айлыгын 1-сентябрдан тартып жогорулатуу үчүн каралган.

«Бул кабар бардык мугалимдерибизге арналган. Мектеп билим берүүнүн сапаты мугалимдерге түздөн-түз көз каранды. Министрлик жетишкендиктер менен чектелбестен, мугалимдин статусун жогорулатуу боюнча пландуу иштерди улантат», - деди Эльвира Сариева.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Педагогикалык кадрлар

Педагогикалык кадрлар

2004/05-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларындагы педагогикалык кадрлардын саны 3019...

Комментарий жазуу: