
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева: «Ар бир жаңы мектеп имаратынын ачылышы, айрыкча айылдарда, бизге оптимизм сезимин берет»
7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылында Ш.Султанов атындагы жаңы мектеп имаратынын ачылыш аземине катышты.
Эльвира Сариева мугалимдерди, окуучуларды жана алардын ата-энелерин жаңы орто мектеп имаратынын пайдаланууга берилиши менен куттуктады.
«Жаңы мектеп, кең класстар жана зарыл жабдуулар менен – айылдаштар жана окуучулар үчүн жагымдуу белек. Мектеп 320 окуучуга ылайыкташтырылган. Ал эми 2015-жылы бул жерде спорт залы курулат. Ар бир жаңы билим берүү мекемесинин имаратынын ачылышы, айрыкча региондордо жана айылдарда, кубанычтуу окуя болуп, бизге оптимизм сезимин берет. Биз мугалимдердин жогорку сапаттагы иши жана балдардын максатка умтулуусу бул айылдын балдарынан өзгөчө адамдар жана ар кандай тармактарда жогорку класстагы адистерди тарбиялоого мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз», – деди вице-премьер-министр.
Андан ары вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун түзүлгөнүнө 75 жыл толуусуна арналган салтанаттуу жыйынга катышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты