Ташкенттен Ысык-Көлгө туристтер үчүн жаңы поезд жүрөт

- Балыкчыга келүү убактысы - 17, 24 жана 31-августта 12:44. Тескери багытта поезд 18, 25-августта жана 1-сентябрда 02:55те чыгат. Ташкентке келүү убактысы эртеси күнү 07:43, - деп билдиришти өзбек темир жолчулары.
Поезд купей жана плацкарт вагондорунан, ошондой эле ресторан вагонунан турат. Билеттин баасы - 232 миң сум (шамамен 5,6 миң сом).
Эскерте кетсек, «Ташкент - Балыкчы - Ташкент» жүргүнчү поездин ишке киргизүү аракеттери 2009-жылдын жайында болгон. Анда туристтик поезд 350 орунду алып, ар бир жумада маршрут боюнча жүргөн. Бир тарапка жол жүрүү убактысы шамамен 24 саатты түзгөн. Бирок кирешесиздигинен улам бул рейс токтотулган.
Ысык-Көлдө туристтик сезонду ачар алдында Тамчы эл аралык аэропорту да ачылган, ал жүргүнчү учактарын кабыл алууга жөндөмдүү. Ошентип, «Алма-Ата - Тамчы» авиарейси аркылуу казакстандык туристтер Ысык-Көлгө болгону 30 мүнөттө жетишет.
КРнын Премьер-министри Темир Сариевдин айтымында, жакын арада «Алма-Ата - Чолпон-Ата» автожолун куруу башталат болушу мүмкүн.
- «Алма-Ата - Тамчы» түз авиарейси уюштурулган, бирок бул аз. Бизге «Алма-Ата - Чолпон-Ата» тез жүрүүчү жолду куруу керек, ал Кемин, Михайловка аркылуу өтөт. Биздин тараптан Кеминге чейин автожол даяр. Казакстандык бөлүгү калды. Натыйжада, Ысык-Көлдө эс алгысы келген казакстандыктар үчүн аралык болгону 250 км болот. Жолдо болгону 2,5 саат өткөрүү керек, - деп билдирди Сариев казак премьер-министри Карим Масимов менен болгон жолугушууда.