
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен күз-кыш мезгилине даярдык маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Т.Сарпашев Ысык-Көл облусунда сентябрь менен салыштырганда октябрда көмүр даярдоодо маанилүү өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгиледи.
«Социалдык объектилердин көмүр менен камсыздалышы 82% га жетти. Каракол шаарындагы ТЭЦти көмүр менен камсыздоо маселеси өтө курч турат. Муну менен катар, "көмүр сатып алуу" беренеси боюнча каржылоо убагында бөлүнгөнүнө карабастан, ишкананын жетекчилигинде кышка даярдык боюнча пассивдүүлүк байкалууда. ТЭЦте 34 миң тоннага карата болгондо, болгону 4 миң тонна көмүр даярдалган. Мындан тышкары, министрликтердин өзгөчө кырдаалдар, ички иштер жана коргоо объектилери көмүр менен минималдуу деңгээлде камсыздалган. Ошол эле учурда, облус боюнча антимонополь агенттигинин көзөмөлсүздүгүндө көмүрдүн баасы негизсиз жогорулап жатат», — деди Т.Сарпашев.
Ошондой эле, биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков көмүрдүн баасы маркасына жараша жеткирүү менен 3 миңден 5 миң сомго чейин экенин маалымдады.
А.Жаныбеков облус боюнча электр энергиясынын лимиттери сакталбай жатканын баса белгиледи. «Облус үчүн күндөлүк лимит 1 млн. 800 миң кВт саат. Өткөн суткада электр энергиясын пайдалануу 2 млн. 400 миң кВт сааттан ашып кетти. Эгер мындай уланса, мажбурлап чектөөлөр киргизилет», — деди ал.
Тайырбек Сарпашев облус жетекчилигине жылуулук мезгилине даярдык иштерин 10-ноябрга чейин аяктоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоону тапшырды.
«31-октябрда өтө турган өкмөттүн жыйынында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун акимдерине күз-кыш мезгилине даярдык боюнча баа берилет», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.
Ошол эле учурда, Баткен облусуна болгон сапарынын учурунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусунун жылуулук мезгилине даярдыгын текшерди.
Ошентип, Баткен шаарынын көмүр даярдыгы 34% түздү, ал эми облус катуу отун менен 63% га камсыздалган.
Бүгүнкү күндө Баткен облусундагы социалдык мекемелер көмүр жеткирүү графигине ылайык даярдалууда. Ошентип, билим берүү объектилеринин отун менен камсыздалышы 69%, саламаттык сактоо объектилери – 89%, калк – 77%
А.Маматалиев Лейлек районунда, Кызыл-Кыя жана Сулюкта шаарларында кыш мезгилине даярдык боюнча жакшы жыйынтыктарга жетишилгенин белгиледи.
Вице-премьер-министр көмүрдүн баасы шахталарда 6-7 миң сом, ал эми шаарда 11 миң сомго чейин жетерин айтты. Бул боюнча экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка жана антимонополь жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырмаларды берди.
Андан ары вице-премьер-министр Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чаранын алкагында вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ардактуу грамоталарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана жергиликтүү бизнес-уюмдардын жетекчилерине тапшырды.
Анын командировкасы Баткен шаарында жылуулук мезгилине даярдык боюнча селектордук жыйын менен аяктады.
Кыргыз Республикасынын дагы бир вице-премьер-министри Эльвира Сариева Талас облусунда күз-кыш мезгилин өткөрүүгө жергиликтүү бийликке жардам берүү максатында жумушчу сапарда жүрөт.
Сапар учурунда Эльвира Сариева Талас облусунун Манас жана Кара-Буура райондорунун жылуулук мезгилине даярдыгын текшерди, айрыкча, райондук социалдык мекемелердин даярдыгын. Объектилерди текшерүү учурунда Эльвира Сариева жооптуу кызматкерлерден мектептерге жана бала бакчаларга, медициналык жана башка социалдык маанидеги уюмдарга көмүр жеткирүү графиктерин так сактоону талап кылды.
«Жергиликтүү бийлик органдары бюджеттик уюмдарга жана жеңилдик категорияларындагы жарандарга көмүр жеткирүүнү жакынкы күндөрдө аяктоого жооптуу. Ошондой эле, көмүр сатуу пункттарында отундун жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу жана кыш мезгилинде баанын негизсиз жогорулашынын алдын алуу милдети да алардын мойнунда», – деди ал.
Вице-премьер-министр Э.Сариева жана Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү Кара-Буура жана Манас райондук кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Жергиликтүү өкүлдөр менен болгон жолугушууларда Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан сунушталган электр энергиясына тарифтик саясаттын жаңы концепциясы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле, сапар учурунда вице-премьер-министр Эльвира Сариева бир катар социалдык объектилерди кыдырып, Талас облусунун тургундары менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты