
17-18-октябрда «Ысык-Көл Аврора» санаториясында (Ысык-Көл облусу, Булан-Соготту айылы) «Билим берүү секторундагы стратегия жана реформалар» темасында семинар өтөт.
Круглый столдун ишине 100дөн ашык адам катышууда, булар: КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Каржы министрлигинин өкүлдөрү, республикадагы облустук, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана донордук уюмдар.
Семинардын эки күнүндө КР Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан «Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо» жана Европалык Союз тарабынан «КРдагы билим берүү секторун колдоо» долбоорлору менен биргеликте билим берүү секторундагы негизги реформаларды, анын ичинде финансылык реформаларды, министрликтин стратегиялык пландарын, 2012-2014-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткарууну жана 2015-2017-жылдарга иш-аракеттер планын даярдоону, билим берүү секторунда пландалган долбоорлорду карап чыгышат.