
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине ылайык, муниципалдык ишканалардын, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо, физикалык тарбия, телевидение, радиоберүү, басмаканалар, турак-жай-коммуналдык, айыл чарба, суу, орман чарбасынын каржылоосу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжол» мыйзамына ылайык, коммуналдык кызматтарга болгон чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте жүргүзүлүшү керек.
2014-жылга республикалык бюджетте республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге өткөрүлүп берилген тең салмактоо грантынын курамына коммуналдык кызматтарга болгон чыгымдар да киргизилген.
Учурдагы жылдын 9 айында Нарын облусунун Нарын районунун тең салмактоо грантынын финансылык планы 45,9 млн. сомду түзөт, бул толугу менен каржыланган.