
Бүгүн, Жалал-Абад шаарында КР Финанс министрлигинин Окуу борборунун филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Филиал регионалдык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу максатында, мамлекеттик сектордогу финансылык отчеттуулук кызматкерлерин жана үч облустун: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерин окутуу үчүн ачылууда.
Ачылышта КР Финанс министрлигинин, Финанс министрлигинин Окуу борборунун, Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Өнүктүрүү саясаты институтунун, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, республикалык регионалдык финансылык органдарынын өкүлдөрү катышты.
Филиал Жалал-Абад шаардык финансылык бөлүмүнүн имаратында жайгашат, дареги: Жалал-Абад ш., Кыргыз Республикасы 128А.
Жалал-Абаддагы КР Финанс министрлигинин Окуу борборунун филиалы эффективдүү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу талаптарына жооп берген, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө ылайыкташкан ийкемдүү окутуу системасын түзүп, өнүктүрөт.
Маалымат:
Окуу борбору КР Финанс министрлигине караштуу бөлүм болуп, өз ишин министрдин, борбордун ишин көзөмөлдөгөн мамлекеттик катчынын жалпы жетекчилиги астында, ошондой эле Окуу борборунун директорунун түз жетекчилиги астында жүргүзөт.