Боркоев Бакыт Маметисакович

Боркоев Бакыт Маметисакович
Техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиялык кеңешчиси. 1964-жылы туулган. 1986-жылы Казакстан химия-технология институтун аяктаган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинде иштейт.
Физикохимия жана керамикалык, айнек-керамикалык материалдардын технологиясы боюнча адис.
1999-2000-жылдар аралыгында ойлоп табуу тармагындагы эң жакшы иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) дипломун жана “Идеялар ярмаркасы” конкурсуна активдүү катышканы үчүн Кыргызпатенттин мамлекеттик интеллектуалдык менчик фонду тарабынан грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
90дан ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 2 монография, 3 окуу куралы, 10 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулар:
1. Айнек. Россия Федерациясынын патенти № 2032632,1993.
2. Айнек шихтасын даярдоо ыкмасы. Россия Федерациясынын патенти №2001026,1993.
3. Декоративдүү-кабаттоо материалы ‘Марсит’ алуу ыкмасы. Россия Федерациясынын патенти № 2032632,1995.
4. Айнек декоративдүү-кабаттоо плиткасын даярдоо ыкмасы. Россия Федерациясынын патенти № 2045485,1995.
5. Керамикалык масса. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 423,2000.