
2014-жылдын 20-октябры күнү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин кичи залында Каржы министрлигинин жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынан Түркия Республикасынан келген делегация менен жолугушуу өттү. Делегациянын курамында Түркиянын Каржы министрлигинин жана Казначейство Секретариатынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги (ТИКА) бар. Каржы министрлигинин мамлекеттик катчысы Баяманова Зуура Эдуардовна жылуу тосуп алып, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин дубалдарында кесиптештерин көргөнүнө кубанычта экенин билдирди жана министрликтин келечектеги реформалары боюнча кыскача маалымат берди.
Түркиялык кесиптештер үчүн Кыргыз Республикасынын учурдагы финансылык системасын изилдөө жана мамлекеттик финансыларды башкарууда автоматташтыруу боюнча кыргыз тараптын муктаждыктарын талдоо үчүн семинар 2014-жылдын 20-24-октябры аралыгында өтөт.
Бул мезгил ичинде Каржы министрлигинин кызматкерлери бюджеттин структурасы, учурдагы бюджеттик процесстер, иштеп жаткан маалыматтык системалар жана эл аралык эсепке алуу жана отчеттуулук стандарттарын колдонуу менен финансыларды башкаруу системасындагы келечектеги реформалар тууралуу маалыматтарды сунушташат. Каржы министрлигинин регионалдык өкүлчүлүктөрүнө визиттер уюштурулат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик башкарууда адам ресурстарын башкаруу боюнча реформалар тууралуу маалыматты сунуштайт.
Бул семинардын жыйынтыгы боюнча түрк кесиптештер менен биргеликте бюджеттик процессинин толук циклин автоматташтыруунун артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары аныкталат, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акы фонду интеграцияланган эсепке алуу менен.
Мындан тышкары, быйылкы жылдын июль айында кыргыз делегациясынын Түркиянын Каржы министрлигине жана Казначейство Секретариатына визити болуп, Түркиянын мамлекеттик финансылык системасында колдонулган маалыматтык системалар менен таанышуу болду. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында түрк тарап Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин реформаларын колдоого даяр экенин билдирди жана Түркиялык кесиптештердин Кыргыз Республикасына келип, Каржы министрлигинин муктаждыктарын талдоо үчүн уюштурууну чечишти.