Мамлекетте кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык ставкалар менен жеткиликтүү кредиттерди берүү аркылуу колдоо көрсөтүү боюнча демилгени ишке ашыруу улантылууда.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 2-октябрына карата «Кыргыз Республикасынын кичи жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө» долбоорунун алкагында 125,38 млн сомго 44 ишкердик бирлик каржыланган.
Бул долбоор 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №354-р буйругу менен бекитилген жана төмөнкү максаттарды көздөйт:
- кичи жана орто бизнес секторун колдоо жана өнүктүрүү;
- экономикалык өсүүнү стимулдаштыруу жана кедейчилик менен күрөшүү;
- региондорду өнүктүрүү жана «жашыл» экономиканы колдоо;
- бизнестин жана жеке адамдардын жеңилдетилген кредиттерге кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
2025-жылга карата долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 500 млн сомду түзөт.
Бул долбоор жеке сектордун өсүшү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө, ишкердик ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана өлкөнүн туруктуу экономикасын калыптандырууга багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.