
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти 2012-2014-жылдарга арналган мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы №661 токтому менен бекитилген, тартылган кеңешчилер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, белгиленген тартипте сунуштады.
Мыйзам долбоору 2014-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынды №4189-V.
Аны талкуулоо жана коомчулукка маалымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн Мамлекеттик сатып алуулар департаменти менен биргеликте Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө.
Талкуунун катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун өкүлдөрү, ошондой эле НПО жана бизнес-ассоциацияларынын мүчөлөрү.
Бул талкуунун жыйынтыгы боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар даярдалат.
Бул иш-чара «Мамлекеттик финансыларды башкарууда потенциалды өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.