Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Дильдин Федеративдик Германия Республикасына болгон жумушчу сапары башталды.
Вице-премьер-министр Валерий Диль немис саясатчылары жана ишкерлер менен болгон жолугушууларда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын абалы жана келечеги, Кыргызстанды Ташуу биримдигине киргизүүнү эске алуу менен өндүрүш, товар-кайра иштетүү жана сатуу багыттары боюнча кызматташуу сыяктуу бир катар маселелерди талкуулайт.
Мындан тышкары, жолугушууларда тараптар кичи жана орто бизнести колдоо, Кыргызстандагы экономикалык адистердин жана жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу, энергетиканы өнүктүрүү жана Германиянын бизнес чөйрөсүнөн Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу сыяктуу маселелерди көтөрүүнү пландаштырууда.
Визит учурунда вице-премьер-министр 20дан ашык жолугушууларды өткөрөт, анын ичинде Хайнц Зайдел фондунун төрагасы менен жолугушуу, анда Валерий Диль Кыргыз Республикасында немис тажрыйбасын атайын жогорку билим берүү тармагында колдонуу маселесин талкуулайт. Ошондой эле Бавариянын экономика, энергетика жана технологиялар боюнча вице-министри, Федералдык экономика жана энергетика министрлигинин мамлекеттик катчысы менен жолугушуу пландалууда, ошондой эле Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн программалык камсыздоону сатып алуу тендеринде жеңишке жеткен «Giesecke & Devrient» компаниясын зыярат кылуу жана башка бир катар жолугушуулар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты