Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген адам кармалды, милиция башка жабырлануучуларды издеп жатат.
Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылык кылууга шектелген адам кармалды.
21-октябрда борбордун тургуну укук коргоо органдарына кайрылып, 21-сентябрда Новопавловка айылындагы базарда цемент жана бензин жеткирүү боюнча келишим түзүп, 8 миллион 353 миң сом бергенин, бирок товар жеткирилбегенин билдирди.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү 29 жаштагы А.Б. болуп, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

Тергөө учурунда кармалган адамдын 500 миң сомдук зыян келтирген окшош кылмышка тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталды.
Укук коргоо органдары башка жабырлануучуларды издөөнү улантууда жана аларды төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылууга чакырууда: 0779 043 407, 0503 005 581 же 102.
УВДнын сүрөтү