Курулуш аянтында бузуулар аныкталды
Министрликке Бишкек ш. Симферопольская көчөсү, 8 (Ахунбаев көчөсү менен кесилиш) дарегиндеги курулуш объектиндеги техникалык коопсуздукка байланыштуу арыз келип түшкөн.
Минстройдон алынган маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун адистери объектти толук текшерүүдөн өткөрүштү, бул административдик чараларды кабыл алууга алып келди.
ОсОО «Нур Имарат Курулуш» тарабынан турак жай комплексинин курулушу жүргүзүлүп жаткан курулуш аянтында үчүнчү жактар үчүн коопсуз зона жок экендиги аныкталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жана курулуш нормалары (СН КР 12-02:2018) боюнча бузуулар катталды.
Аныкталган бузууларга байланыштуу объекттеги иштерди убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле акт түзүлүп, протоколдун кароосунан кийин административдик айыппул салуу боюнча токтом чыгарылды.


Сүрөт Минстрой тарабынан берилген