Марка сериясы 16-октябрда Бишкекте, Дүйнөлүк тамак-аш күнүнө арналган иш-чарада сунушталды. Маркаларды жоюу церемониясына Кыргызстандын ФАО өкүлү Олег Гучгельдыев жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова катышты.
«Бул атайын чыгарылган почта маркалары – ФАОнун ачарчылыкка каршы күрөшүүдөгү 80 жылдык тарыхына болгон урмат, ошондой эле Кыргызстандын маданий мурастары, айыл чарба жана туруктуу өнүгүү ортосундагы терең байланышты баса белгилөөнүн мыкты жолу», – деди Олег Гучгельдыев. «Телегей, Береке жана Бакыт аттары биздин ар бир үй-бүлө үчүн гүлдөгөн, молчулук жана бактылуулук тууралуу жалпы тилектерибизди символдоштурат. Бул искусство аркылуу биздин баалуулуктарды айтып бере алгандыгыбызга кубанычтабыз».
ФАО 2025-жылдын 16-октябрында 80 жылдыгын белгилеп, ачарчылыкты жоюуга, агропродовольстволук системаларды трансформациялоого жана айылдык аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө көңүл бурду.
Почта маркалары ФАОнун юбилейине арналган көптөгөн иш-чаралардын бири болуп, Кыргызстанда жыл бою өткөрүлүп жатат.
«Биз үчүн бул маанилүү эл аралык долбоорго катышуу чоң сыймык», – деди Уулжан Масиянова. «ФАОнун 80 жылдыгына арналган маркаларды чыгаруу бизге өлкөдөгү филателисттик кыймылды колдоого гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын уникалдуулугун жана кооздугун дүйнөгө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз бул сериянын дүйнөдөгү филателисттердин коллекцияларында өзүнө ылайыктуу орун алат деп ишенебиз».
Почта маркалары «Кыргыз почтасы» бөлүмдөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле коллекционерлер үчүн ири электрондук платформаларда жеткиликтүү болот.








