Нарын облусунун туристтик коомчулугу туризмди өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынына активдүү катышты

Нарын облусунун туристтик коомчулугу туризмди өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынына активдүү катышты


2014-жылдын 26-февралында, Нарын облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында туризмди өнүктүрүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйында 70тен ашык адам катышты. Кеңешти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жетектеди.

Нарын облусу, Чүй облусунан айырмаланып, туризмди өнүктүрүүгө жандуу кызыгуусун көрсөттү. Нарын облусунун туристтик тармагындагы бардык катышуучулар, жергиликтүү туристтик индустриянын өкүлдөрү жана республикалык өкүлдөр катышты.

DSC03204Жыйнтыктын натыйжасында 2014-жылга пландалган иш-чаралар кабыл алынды, аларга төмөнкү кызыктуу иш-чаралар кирди:

(i) Нарын облусуна кирген жерлерде туристтик карта орнотуу;

(ii) «Кыргыз шырдагы» жана «Кымыз майрамы» фестивалдарын республикалык жана региондук деңгээлде өнүктүрүү жана өткөрүү, чет өлкөлөрдө активдүү маркетинг жүргүзүү;

(iii) Нарын облусунун туристтик ассоциациясын түзүү;

(iv) Нарын шаарында туристтик маалымат борборун активдештирүү жана облусунун туристтик өкүлдөрү арасында «Foursquare» программасын илгерилетүү;

(v) Нарын облусунун туристтик брендин иштеп чыгуу;

(vi) Нарын облусунда туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүү;

Жыйналыштын аяктоосунда, жогоруда аталган жана башка тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн туризмди өнүктүрүү боюнча Кеңештин алдында жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топту жергиликтүү туристтик компания «ТурНа» (Нарын туризми) жетектөөсү сунушталды.

DSC03208Эскерте кетсек, туризмди өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйындары Кыргыз Республикасынын бардык 7 облусунда өткөрүлөт. Кийинки жыйын 2014-жылдын 4-мартында Баткен облусунда өтөт.



Булак: Туризм департаментинин маалымат кызматы
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent