Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү

2018-жылдагы жайкы туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы


Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов IX туристтик форумда «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү» темасында сүйлөп, Туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча Межведомстволук комиссиянын жыйынында 2018-жылдагы жайкы туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору талкууланганын, бардык сунуштар жана пикирлер эске алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлгөнүн белгиледи. Учурда иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. С. Омурбекова тарабынан бекитилген.

А. Жаманкулов иш-чаралар планынын эң маанилүү пункттарын төмөндө келтирди.

~ Мейманканаларды эл аралык критерийлерге ылайык жылдыздык классификация системасын иштеп чыгуу;

~ Туристтер менен байланышта болгон ички иштер органдарынын, мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин аракеттерин жөнгө салуучу инструктивдик документтерди иштеп чыгуу жана таратуу;

~ Жайкы туристтик сезон учурунда куткаруу кызматтарынын даярдыгы;

~ Гид-экскурсоводдор үчүн патент киргизүү;

~ Үчүнчү Дүйнөлүк кочевник оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;

~ Туристтик иш-чараларды (фестивалдар, ярмаркалар, көргөзмөлөр) өткөрүүнүн туруктуулугу.

Мындан тышкары, 2018-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында туристтер үчүн бир нече тилде түз линия түзүү жана ишке киргизүү маселеси көтөрүлгөн. Жакын арада аталган долбоорду ишке ашырууну баштайбыз — деди А. Жаманкулов.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent