
Көмүрдү казып алуу жана сатуу рыногундагы баа жагдайын көзөмөлдөө, экинчи рыноктогу баанын өсүшүн токтотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Конкуренция жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин нормаларын аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Джоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомун кол койду.
Бул документтин алкагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу механизми түзүлөт, ал эң кыска мөөнөттө ишке ашырылат.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, көмүрдүн чектөөчү баасы республикадагы ар бир регион (район) үчүн бирдей белгиленет, бул 2014-2015 жылдардагы жылуулук сезону учурунда калкты жеткиликтүү баада отун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, делдалдардын санын жана көмүрдүн баасына негизсиз киргизилген чыгымдардын деңгээлин азайтуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Кыргыз Республикасынын “Конкуренция жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесине ылайык, мамлекеттик баа жөнгө салууну 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөткө киргизүүгө уруксат берилет деп белгиленет.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтому бул отун түрү боюнча бааларды (тарифтерди) түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана акыркы пайдаланучуларды жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты