
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Н.М. Мартьянов атындагы Минусинск облустук краеведческое музейи тарабынан уюштурулган «Енисей кыргыздары» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.
Вице-премьер-министр белгилегендей, уникалдуу археологиялык коллекцияларды камтыган көргөзмө Кыргызстандын мамлекеттик бийлигин бекемдөө жылынын иш-чараларынын алкагында өткөрүлүп жаткан эл аралык илимий-көргөзмө долбоору.
«Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы түрк тилдүү элдердин бири. Бүгүнкү Кыргызстандын аймагына жайгашуудан мурда, ата-бабаларыбыз узак, кээде трагедиялуу жолду басып өтүп, өз мамлекеттик бийлигин түзгөн бирдиктүү улутка айланган. Ушул көргөзмө, илимпоздор тарабынан даярдалган, жаш муунга ата-бабаларыбыздын тарыхын таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет».
Сөзүнүн аягында вице-премьер-министр көргөзмөнүн кыргыз элинин улуулугун көрсөтүп, алардын байыртан эле өз мамлекеттик бийлигин алуу үчүн аракет кылып келгенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты