Жети чек ара өткөрмө пункту түнү-күнү иштей баштады

admin Туризм
VK X OK WhatsApp Telegram


Туризм сезону ийгиликтүү өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти жана КРнын Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандардын КРнын чек ара өткөрүү пункттары аркылуу ыңгайлуу өтүүсү үчүн активдүү иш алып барууда.
Бул боюнча, чет өлкөлүк жарандарды (туристтерди) кабыл алуу үчүн чек ара өткөрүү пункттары 24 саат бою иштей баштады.
КРнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, төмөндө көрсөтүлгөн чек ара өткөрүү пункттары туристтерди кабыл алуу үчүн ачылат.

1.Ак-Жол
Чүй обл., Аламудун району, Бишкек-Алматы автожолунун 18 км
Көп тараптуу, 24 саат

2.Чалдыбар
Чүй обл., Жайыл району, Чалдовар айылынын батыш четинде (Бишкек-Тараз автожолунун 98 км)
Көп тараптуу, 24 саат

3.Ак-Тилек
Чүй обл., Ысык-Ата району, Чу дарыясынын түштүк жээгинде (Хун-Чи айылынан чыгышта)
Көп тараптуу, 24 саат

4.Кен-Булун
Чүй обл., Ысык-Ата району, Трудовик айылына бурулуштагы көпүрөнүн жанында (Казакстан)
Эки тараптуу, 24 саат

5.Каркыра
Ысык-Көл обл., Тюп району, Каркыра аймагы (3 МТФ)
Көп тараптуу, чет өлкөлүк жарандарды 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат.

6.Каинды
Чүй обл., Жайыл району, Каинды шаарчасы
Көп тараптуу, 24 саат

7.Аэропорт «Манас»
Чүй обл., Сокулук району,
Көп тараптуу, 24 саат
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Raduga Marina түнкү клубу

Raduga Marina түнкү клубу

Raduga Marina клубунун пляжындагы бар: Кыргызстан Ысык-Көл көлүнүн жээгиндеги түнкү эс алуу клубу....

Ачылова Рахат (1941)

Ачылова Рахат (1941)

Ачылова Рахат (1941), философия боюнча доктор (1988), профессор (1989) Кыргызстанда. Баткен...