
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында «Кыргызстан-Корея» Деловой кеңешинин жыйыны өттү, анда Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси мырза Ким Чанг Гю, КР ТППнын жетекчилиги жана «Кыргызстан-Корея» Деловой кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Жыйында КР ТППнын биринчи вице-президенти Амангельды Давлеталиев кыргыз тараптан Деловой кеңешке кирген жетекчи ишканалар жана компаниялар кореялык бизнес коомчулугу менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө, ар кандай тармактарда биргелешкен бизнес долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. «Деловой кеңеш КР ТППнын алдында түзүлгөн, жана анын иши максималдуу эффективдүү жана туруктуу болушу биз үчүн маанилүү. Өз тараптан КР ТПП Деловой кеңештин ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөт», - деп баса белгиледи Амангельды Давлеталиев.
Өз кезегинде Корея Республикасындагы элчи Ким Чанг Гю КР ТПП жана Элчилик жалпы максаттарды бириктирип жатканын, бул экономикалык өз ара аракеттешүүнү күчөтүү, эки мамлекеттин ишкер топторунун кызматташтыгын бекемдөө үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенин белгиледи. Элчи кореялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.
Жыйында «Кыргызстан-Корея» Деловой кеңешинин төрагасы Асхат Акибаев катышуучуларды жүргүзүлгөн иштер жана келечектеги пландар менен тааныштырып өттү.
Жыйынды жыйынтыктап, катышуучулар КРдагы Корея Республикасынын Элчилигинде конкреттүү бизнес долбоорлорун талкуулоо үчүн жыйын уюштурууну макулдашышты. Өз тараптан мырза Ким Чанг Гю кызматташтык боюнча келечектеги долбоорлорду колдоого даяр экенин баса белгиледи.