Кичинекей Сумая көзү көрбөй калат. Ага биздин жардам керек
Ата-энелер кичинекей Сумаяга жардам берип, колдоо көрсөткөн бардык кайрымдуу кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиришет.
Кичинекей Сумая Захидовага биздин жардам керек. Кыздын оң көзүндө толук сетчатка ажырашы, роговицанын дистрофиясы, Коатс ретинити, терминалдык стадиясы бар, ошондуктан ал бир көзүн көрбөйт.

Баланын ата-энелери колдорунан келгендин баарын жасашты. 2016-жылы Сумая Санкт-Петербургдогу балдар көз клиникасында дарыланган. Операция жасалган. Аны Кытайдын, Уфанын, Казандын, Самаранын, Челябинскдин, Москвадагы мыкты клиникаларда текшеришкен, бирок көрүүсүн калыбына келтире алышкан эмес. Оң көзү толугу менен көрүүнү токтотту.
Азыр Сумаянын ата-энесинин алдында сол көзүнүн көрүүсүн сактап калуу тапшырмасы турат, анткени МРТ баш мээнин органикалык жабыркашын, оң ВСАнын аплазиясын, оң ПАнын гипоплазиясын, эки ЗМАнын, чоң жарым шарларда көптөгөн лейкомаляция очокторун, оң таламустагы гипоксически-ишемиялык жабыркашынын натыйжасында глиозно-кистоздук деградация очогун, оң фронтальдык үлүштөгү тамырдык мальформация - ABMди, оң көз алмасынын атрофиясын аныктады.
Сумая көрүүсүн жоготпошу үчүн Москвада этап-этабы менен кымбат дарылоо керек. Эгер терапия жардам бербесе, дарыгерлер операция сунушташат.
5 жаштагы кыздын үй-бүлөсү 2016-жылдан бери каражат издөө менен өз алдынча күрөшүп келишкен. Бирок азыр алар кайрымдуу адамдардан жардам сурап жатышат.
«Мындан тышкары, оң көз үчүн протез жасатуу керек, ал толугу менен жабылып калбашы үчүн. Инвалиддык пенсия - 4000 сом - бир жумага көз тамчыларына да жетпейт. Сумаяга жардам берип, колдоо көрсөткөн бардык кайрымдуу адамдарга ыраазычылык билдиребиз», - дейт кыздын ата-энеси.


Реквизиттер :
ЭЛСОМ 0 501 70 - 70 -31
Демир Банк БИК 118001
1180 0000 5658 3744 KGS (сом)
1180 0000 5658 3845 USD
1180 0001 2920 8149 EUR
Сбербанк
4276 5500 4721 1944 (рубль)
Алуучу Сумаянын энеси
Рустамова Ж.Р.