Инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү негизинен ички каржылоонун өсүшүнө байланыштуу, ал 27,4%га өстү, ал эми тышкы каржылоолор төмөндөдү.
Инвестициялардын жалпы көлөмүнүн болжол менен 85%ы кен казуу жана кайра иштетүү өнөр жайы, транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү жана турак жай курулушу сыяктуу секторлорго жумшалууда.
Инвестициялардын өсүшүнө өбөлгө түзгөн негизги факторлор:
- турак жай курулушун колдогон «Менин үйүм» программасын ишке ашыруу;
- мобилдик байланыш операторлорунун тармактарды модернизациялоого жана өнүктүрүүгө болгон инвестициялары;
- билим берүү объекттерин каржылоонун көбөйүшү;
- Бишкек жана Ош шаарларындагы шаардык инфраструктуранын өнүгүшү;
- спорттук имараттарга болгон инвестициянын көбөйүшү;
- туризм инфраструктурасын кеңейтүү.
Активдүү инвестициялык процесстердин натыйжасында 2025-жылдын тогуз айында курулуштун жалпы продукциясы 222,9 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 29,6%га көбөйдү (2024-жылдын январь-сентябрь айларында өсүш 33,7%ды түзгөн).
Курулуш сектору ИДПга оң таасирин тийгизип, 1,96 проценттик пункт кошуп, анын үлүшү ИДП структурасында 7,9%ды түзөт.