Курулуш иштеринин башталышы — 2024-жыл
Ысык-Көл облусунда жайгашкан Шор-Булак айылында 100 балага ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Иштер 2024-жылы башталды жана республикалык бюджеттен каржыланат, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги.
Проект эки кабаттуу имаратты камтыйт, ал балдардын ыңгайлуу болушу үчүн бардык заманбап шарттар менен жабдылат.
Курулуш-монтаждоо иштерин ОсОО «Компания Уста Групп» жүргүзүп, сапатка көзөмөлдү Курулуш министрлигинин Турак жай жана жарандык курулуш департаменти жүргүзөт.
Министрликтин сүрөтү
