
Аламудун районунда милиция кызматкерлери ири алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты.
Бул окуя боюнча Аламудун районунун Ички иштер бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши ачылган.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган жаран М.А. жана 1988-жылы туулган Т.В.нын жайгашкан жерлери аныкталып, кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.


Тергөө иштери уланууда, жана алардын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык укуктук баа берилет. Ошондой эле укук коргоо органдары кармалгандардын башка Чүй облусунун райондорунда жасалган окшош кылмыштарга катышы бар-жогун текшерүүдө.