Кыргызстандын мамлекеттик карызы өстү

 Кыргызстандын мамлекеттик карызы өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы азыр $4 млрд 366,55 млн же ИДПга 60,6% түзөт



Бул тууралуу финансылык министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ошол эле учурда республиканын тышкы карызы $3 млрд 968,14 млн га жетти, ички карыз $398,41 млн га көбөйдү.

Кыргызстан эң көп суммада Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы үчүн карыздар — $1 млрд 629,17 млн же жалпы мамлекеттик карыздын 37,3% түзөт. Андан кийин Дүйнөлүк банк — $655,45 млн же 15%, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы — $601 млн же 13,7% турат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы жеңилдетилген шарттарда алынган кредиттер боюнча жалпы $3 млрд 912,73 млн же тышкы карыздын 98,6% карыздар.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы $4 млрд 105 млн же ИДПнын 57,2% түзгөн. Анын ичинде ички карыз — $322,7 млн, тышкы карыз — $3 млрд 782,7 млн дан ашык.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү өткөн жылы мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 20,6 млрд сом коротту.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent