Тухватшин Рустам Романович

Тухватшин Рустам Романович

Тухватшин Рустам Романович



Медициналык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо отличниги.

1951-жылы туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун медициналык факультетин аяктаган.

Азыркы учурда Саламаттык сактоо министрлигинин УМС төрагасы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын патологиялык физиология кафедрасынын башчысы.

Патологиялык физиология тармагында белгилүү адис. Анын изилдөөлөрү эксперименталдык бийик тоолуу өкпө шишигинин пневмониядан кийин өтүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, бийик тоолуу мээ шишигинин этиологиясы жана патогенезин, ошондой эле анын терапия ыкмаларын изилдөөгө багытталган. Анын ойлоп табуулары СССРдин ВДНХсында жана Кыргыз ССРдин ВДНХсында, ошондой эле эл аралык көргөзмөлөрдө бир нече жолу көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын профсоюзунун борбордук комитетинин ыйгарымдуу грамоталары менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында 4 доктордук жана 30 кандидаттык диссертация корголгон.

200дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, алардын ичинен 7 монография жана врачтар менен студенттер үчүн 15 методикалык сунуш, 10 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Жаныбарлардын кыймыл-аракет активдүүлүгүн изилдөө үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 946510,1982.
2. Эксперименталдык мээ шишигинде каршы шишик активдүүлүгүн көрсөтүүчү каражат. Автордук күбөлүк № 2007768,1995. 
3. Аялдардын жыныс органдарынын сезгенүү ооруларын диагностикалоо ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн тест-лента «ИН Вентест». Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №145,1997.
4. Бальзамдык каражат «ГЕРБАВИТ». Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №232,1998.
5. Тухватшин гемодиализатору. Заявительдин жоопкерчилигиндеги патент КР№ 791,2005.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent