
Бүгүн, 2014-жылдын 24-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тууралуу макулдашуу кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тууралуу макулдашууну Кыргыз Республикасынын Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жана Россия Федерациясынын Каржы министринин орун басары Сергей Сторчак кол коюшту.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул фонддун Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүгө жана Евразиялык интеграция процессине катышуу шарттарына ылайыкташтырууга жардам берерин айтты.
Мамлекет башчысы фонддун каражаттары конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалууга тийиш экенин, бул долбоорлор Кыргызстанга жана Россияга пайда алып келерин баса белгиледи. Президент логистика, тигүү жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана ипотекалык кредит берүү тармактарындагы долбоорлор биринчи орунда болушу керектигин айтты.
Президент Алмазбек Атамбаев өнүктүрүү фондунун натыйжалуу иштеши зарылдыгын белгилеп, ал биринчи кезекте жергиликтүү ишкерлерди колдоого жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталышы керек экенин айтты.
Фонддун уставдык капиталы 500 млн. АКШ долларын түзөт. Алгачкы 100 миллион 2014-жылдын 31-декабрына чейин келип түшөт. Калган 400 миллион 2016-жылдын 29-майына чейин. Мындан тышкары, россиялык тарап Фондго 500 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жогорку жеңилдетилген насыя тартуу боюнча милдеттенмени өзүнө алат, бул насыя Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын шарттары боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдигисиз берилет.
Маалымат үчүн: Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлүп, бул макулдашуу 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган.
Фонд Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы экономикалык кызматташтыкты колдоо, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык интеграцияга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.
Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү секторлорунда өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылоону насыя берүү, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу ишке ашырат, ал эми бул долбоорлор Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана иш жүргүзгөн экономикалык субъекттер менен байланышта болот, анын ичинде төмөнкү тармактарда:
- агроөнөржай комплекси;
- тигүү жана текстиль өнөр жайы;
- кайра иштетүү өнөр жайы;
- кен казып алуу жана металлургия өнөр жайы;
- транспорт;
- турак жай курулушу;
- соода;
- ишкердикти өнүктүрүү;
- инфраструктураны өнүктүрүү.