Кыргызстанда таксисттер патент менен иштөөгө милдеттендирилет

Юля Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстанда таксисттерди патент менен иштөөгө милдеттендирет
Кыргызстандын жол кыймылынын эрежелерине такси айдоочулары жана жүк ташуучуларга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу республикадагы Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

КР өкмөтүнүн жол кыймылынын эрежелеринин 2.1 пунктунун 2.1.1 подпунктуна киргизилген кошумчага ылайык, механикалык каражаттын айдоочусу милиция кызматкерлеринин талап кылуусу боюнча токтоп, текшерүү үчүн «жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же алардын нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, эгерде бул транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишкердик ишмердүүлүк жүргүзүлсө» өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Кыргызстандын өкмөтүнүн бул токтому 2015-жылдын 23-октябрында «Эркин Тоо» газетасында жарыяланган жана расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин, башкача айтканда, 8-ноябрда күчүнө кирет.

– Бул токтом күчүнө киргенден кийин, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен алектенген жеке ишкерлер (таксисттер) тарабынан көрсөтүлгөн документтер жок болсо, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринен административдик протоколдор түзүлүп, КРнын КоАП 244-беренесине ылайык чаралар көрүлөт (500 сом айып пул), – деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: