Аркадий Гладилов: «Кыргызстан анын “шараканияларын” кечирбейт»

Аркадий Гладилов: «Кыргызстан анын “шараканияларын” кечирбейт»
«Кыргызстанга тышкы саясатты так жана кылдат жүргүзүү керек, болбосо биздин “шараканы” стратегиялык өнөктөштөр кечирбейт», – деп билдирди Polit.kg сайтынын башкы редактору Аркадий Гладилов «Евразия аймагындагы саясий кырдаал» темасындагы тегерек столдо, ал 17-февралда маалымат борборунда өттү.

Аркадий Гладиловдун айтымында, кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо туруктуулук, тынчтык, Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн добуш беришти. Бул принциптер СДПК жана башка бийлик партияларынын жеңишин камсыз кылды, анткени адамдар конкреттүү партияга эмес, курс үчүн добуш беришти.

– Азыр адамдар суроо беришет: Кыргызстан Россия менен ГЭС куруу боюнча келишимди эмне үчүн токтотту, эмне үчүн өкмөт Түркиядан келген делегациядан кийин экономикалык зоналарды куруу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөйт? Өткөн жазда КР АКШдан алыстап, Россияга карай реверанс жасады, – деп белгилейт Гладилов.

Эксперттин айтымында, Кыргызстан үчүн кандай векторду алганы маанилүү эмес – Россия, Европа, Кытай. Тышкы саясатта так принциптер маанилүү, ал эми борбордук Азия республикасынын бийлиги жүргүзгөн принципсиз саясат маанилүү эмес.

– Неге биз кескин зигзагдарды жасап, өз салмак жана таасирибизге туура келбеген аракеттерди жасайбыз? – деп сурайт Гладилов. – Кыргызстан тышкы саясатты дагы да кылдат жүргүзүшү керек. Азыр биз ЕАЭБдин курамындабыз. Биздин стратегиялык жана экономикалык өнөктөштөр биздин “шараканы” кечирбейт.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent